Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мектеп 2009-жылы 11 жылдык болуп №8 Октябрь мектебинен ажрап чыккан.  192 орунга ылайыкташтырылган жаңы мектепте иш баштады. 11 класс комплекти болгон мектептин биринчи директору Мамажонов Икромжон, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Мадумарова Мехринисо, класстан тышкары иштер боюнча директордун орун басары Ахмедова Лобархонболуп иш баштаган. Мектепте 8 окуу бөлмөсү, 1 ашкана, 1 спорт зал бар. Окуучулар саны 266, мугалимдер саны 21 ди түзгөн. 2009-2010-окуу жылында мектепти 26 окуучу биринчи бүтүрүүчүлөрү болуп мектепти бүтүргөн.  2011-2012 окуу жылдары оптималдаштыруу себептүү мектеп 9 жылдык негизги мектеп болуп калды. 2013-2014-окуу жылында Исроилов Наримонжон директор болуп дайындалган. 2014-2015-окуу жылынан баштап Абдурахмонов Ахмаджон директор болуп дайындалган. Мектеп 2020-2021-окуу жылынан баштап кайра 11-жылдык болуп иш баштады. 2019-2020-окуу жылынын 1-сентябрынан баштап башталгыч класс окуучуларына ыссык тамак берилип келе жатат. 2020-жылдын март айынан баштап мектепке Каримов Акмалжон Абдураимович директор болуп дайындалды. Окуучулар олимпиадаларда бир топ ийгиликтерге жетишип келе жатат. 2021-2022-окуу жылында 6-класс окуучусу Зокиржонов Шахзодбек 6-класстар арасындагы АКМОО олимпиадасында райондо 1-орунду, областта 2-орунду, Республикада 3-орунду ээлеп мектептин атын республикада танытты. Азыркы күндө мектепте окуучулардын саны 350, мугимдер саны  27 ге жетти.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

 

 

 

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета